Кара-Жыгай токойчосунда мектеп окуучуларынын катышуусунда эки күндүк ишембилик өткөрүлдү
2&Բ;апреля&Բ;2026

28-29-мартта Кара-Жыгач токойчосунда ага жакын айгашкан 6 мектептин окуучуларынын катышуусунда ишембилик өткөрүлдү. Иш-чара БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана “Кара-Жыгач токойчосу” экопаркында мектеп окуучуларынын экологиялык лидерлик программасы” программасынын алкагында БААУнун туруктуу бекем өнүгүү долбоору тарабынан уюштурулду.
Саамалыкка төмөнкү 6 мектептин окуучулары активдүү катышты: №10, №16, №35, №46, Чыңгыз Айтматов атындагы лицей жана кыздар үчүн “Сальсабиль” жеке мектеби. Жалпысынан катышуучулардын саны 90го жетти.
Эки күн аралыгында катышуучулар аймакты тазалоого активдүү катышып, биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында 3 портер таштанды чогултулган. Талашсыз түрдө бул токойчонун экологиялык абалын жакшыртпай койгон жок.
Белгилей кетсек, бул иш-чара жаштардын арасында экологиялык жоопкерчиликти жана активдүү жарандык позицияны калыптандырууда чоң мааниге ээ.

